<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><title>Жакын калып бул дүйнөнүн бүтөр күнү ATT115</title>
<lyrics>[V1]
.       F                   Bb
 Жакын калып бул дүйнөнүн бүтөр күнү,
.       Gm         C     F
 Анжыр жыгач бажырайтып ачат гүлүн.
.       F                 Bb
 Бирөөлөрдүн жүрөктөрүн титиретсө,
.       Gm        C      F
 Башкаларды кубандырат анын түрү.

[C1]
.   F        Bb       C    F
   Теңирдин «келем» деген сөзү анык,
.   F       Bb     C      F
   Бакыттын толугу ал жүзү жарык.
.   F        Gm     C       F
   Канчалык самай берем ошол күндү,
.   F       Gm     C       F
   Келишин периштелер сурнай тартып.

[V2]
.       F                   Bb
 Согуштар да болот-деген, болуп жатат.
.       Gm          C      F
 Бир улуттун үстүнөн бир улут басат.
.        F                   Bb
 Жер титирөө, оору, кайгы, азаптар көп,
.       Gm             C     F
 Каршылыктар, куугунтуктар жанга батат.

[V3]
.       F                    Bb
 Даяр болгун, акыркы саат жакын калды.
.     Gm           C       F
 Иши менен акталар бир адам барбы?
.        F                  Bb
 Жок андайлар, бирөө да жок арабызда.
.     Gm          C      F
 Ыйса Өзү каны менен жолду салды.

[V4]
 Ыйса айткан бир дагы сөз өтүп кетпейт,
 Ишенбестин чын өмүргө колу жетпейт.
 Эгерде ишенимден башың тартсаң,
 Жүрөгүңдү Ыйык Рух кайра чертпейт.</lyrics>
<hymn_number>115</hymn_number>
<author>Алымкан Казыгулова</author>
<key>F</key>
</song>